Blog Image

КМУнун студенттери “Мурас” таймашына катышты

Бүгүн, 26-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дене тарбия жана спорт институтунун студенттери салттуу жаа атуу боюнча “Мурас” таймашына катышты. Иш-чара “Дасмия” этно-комплексинде өтүп, студенттер кыргыздын байыркы жаа атуу өнөрү менен таанышып, өз күчтөрүн сынашууга мүмкүнчүлүк алышты.