КМУнун студенттери “Мурас” турниринде күйөрмандык кылууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өтүп жаткан кичи футбол боюнча салттуу “Мурас” турниринде күйөрмандык кылууда.
Бул иш-чара өлкө башчысынын “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, жаштар арасында спортко болгон кызыгууну жана катышууну арттырууну максат кылат.
Эскерте кетсек, аталган жарлыктын негизинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыздар курама командасы түзүлүп, учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасында ийгиликтүү оюн көрсөтүп келе жатат.
Бул студенттер арасында спортту жайылтууга өбөлгө түзүүдө.