Blog Image

КМУнун студенттери Нумизматикалык музейге экскурсияга барып келишти

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери окутуучу М.Намазалиева менен биргеликте Улуттук банктын Нумизматикалык музейине экскурсияга барып келишти. Анда  мамлекеттин борбордук банкы катары Улуттук банк өлкөдө акча жүгүртүү тарыхы боюнча калкка маалымат берүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналары айтылып, экспозициялар тууралуу кеңири маалымат берилди.