КМУнун студенттери окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын кесиптик майрамы менен куттукташты
5-октябрь мугалимдер күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамын кесиптик майрамы менен куттукташты.
Студенттер окутуучуларга майрамдык маанай тартуулап, флешмоб жана чакан концерттик программа даярдашкан. Жыйынтыгында ар бир окутуучуга гүл берип, жылуу сөздөрүн арнашты.