КМУнун студенттери педагогикалык практикасын ийгиликтүү өтүшүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы Ж. Садыков атындагы №84 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Кесиптик-базалык педагогикалык практикасын ийгиликтүү өтүшүүдө.
Практиканын алкагында студенттер көркөм өнөр предметинен сабак өтүп, кесиптик жана чыгармачылык билимдерин өркүндөтүүдө. Практика жетекчилери Нургүл Ирсалиева жана Луиза Мажитова практиканттардын сабактарына катышып, сабак өткөрүүдө жаралган маселелер боюнча кесиптик кеңештерин берип, плакаттарды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүүдө.
Бул практика студенттер үчүн өздөрүнүн педагогикалык жөндөмдөрүн иш жүзүндө сыноодон өткөрүү жана келечектеги мугалимдик карьерасын курууга шарт түзөт.