КМУнун студенттери профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясында практика өтүүдө
И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын методисти, ага окутуучусу Гулина Сатывалдиеванын жетекчилигинде “Химия” багытынын 3-курсунун студенттери профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясында практика өтүүдө.
Студент Мирбек кызы Нуржанат "Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсү, алынышы, касиеттери. Озон катмары" темасы боюнча сабак өтүп, анда практика өтүп жаткан курсташтары Усенова Алия,
Чынтурган кызы Адина, Улан кызы Айзирек катышты. Негизинде, практиканттар бири-биринин сабактарына катышып, анализ бергенди үйрөнөт. Гимназиянын химия мугалими Гульмира Байзакова өз тарабынан студенттердин даярдыгын көрүп, сабак өтүүдө жаралган учурларда кесиптик кеңештерин берүүдө.