Blog Image

КМУнун студенттери республикалык иш-чарада жеңишке жетишти

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент институтунун студенттери "Бүгүнкү күндү өлчөө менен өлкөнүн келечегин өнүктүрөбүз" аталышында республикалык интеллектуалдык иш-чарада 1-орунду ээледи.

Алар:

-Насыркулов Байэл

-Көчкөналиев Арген

-Калилова Назбийке

-Сагынбекова Мунара

-Бейшенбекова Сабина

-Тайпырова Милана

-Жусупова Малика.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулуп, жогорку окуу жайлардан 8 команда катышты. КМУнун командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн көрсөтө алды.

Позвонить