Blog Image

КМУнун студенттери “Россиялык мектептердеги окуучулардын үй-бүлөлүк баалуулуктары” аталышындагы олимпиадага катышууда

26-февраль күнү 2- Бүткүл Россиялык жана эл аралык студенттердин педагогика боюнча  “Россиялык мектептердеги окучуулардын үй-бүлөлүк баалуулуктары” аталышында олимпиада башталды. Ал Новосибирск Мамлекеттик Педагогикалык университети тарабынан уюштурулган. Олимпиадага И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун 3 студентинен турган “Келечек” аталышындагы команда катышууда.

Алар “Башталгыч билим берүү” профилинин 3-курсунун  студенттери С. Шевченко, М. Нурмаматова, Д.Сатынбекова.

Эксперттик комиссияда Педагогика жана психология институтунун директору педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Г. Казиева, команданын жетекчилери “Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы” кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М. Куканова жана кафедранын ага окутуучусу Г.Зайнидинова иш алып барышууда.