Blog Image

КМУнун студенттери «Россияны ач» аталышындагы эл аралык долбоорго катышты

И.Арабаев атындагы Казан мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин студенттери Нурияна Нуралиева, Чолпон Калканбекова жана Сабрина Теунаева «Евразия» АНО тарабынан уюштурулган «Россияны ач» аталышындагы эл аралык билим берүү долбооруна катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Орусиянын маданияты, тарыхы жана заманбап жетишкендиктери менен таанышты. Ошондой эле, «Евразия» бейөкмөт уюмунун төрайымы, РФ Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова менен жолугушту. Анда кызматташуу жана жаштардын демилгелерин өнүктүрүү перспективалары тууралуу маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Россия” улуттук борборунда экскурсия уюштурулуп, катышуучулар жаңы технологиялар жана алардын коомдогу ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.

Андан сырткары, кулинардык мастер-класс, “Россияны ач” викторинасына катышуу менен студенттер өз чыгармачылыктарын жана идеяларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Позвонить