Blog Image

КМУнун студенттери С. Чуйковдун үй-музейине жана С. Чокморовдун музей-өнөрканасына экскурсияга барышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин студенттери СССР эл сүрөтчүсү Семён Чуйковдун үй-музейине жана СССР эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун музей-чеберканасына экскурсияга барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Семён Чуйковдун жана Сүймөнкул Чокморовдун жараткан эмгектери менен таанышып, алардын кыргыз маданиятындагы орду жөнүндө маалымат алышты.

Студенттерди Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Лайли Амираева жетектеп барган.

Мындай экскурсиялар студенттер үчүн чыгармачыл ой-жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жана кыргыз маданиятынын улуу адамдарын билүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.