КМУнун студенттери Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилигинин «CAT WALK 2025» марафонуна катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын башчысы Луиза Мажитова жана студенттер Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилиги уюштурган «CAT WALK 2025» аталышындагы марафонго катышты.
Марафондун негизги максаты: физикалык абалды жакшыртуу жана жоголуп бара жаткан жапайы жаныбарларды (арстан, жолборс, пума, ягуар, гепард, леопард) сактоо маанисин жалпыга маалымдоо. Ошондой эле, араб леопардынын жоголуп кетүү коркунучуна көңүл буруу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын студенттери өз чыгармачылыгын көрсөтүп, жапайы мышыктардын сүрөттөрүн тартуу менен алардын сакталуусу жана корголушу үчүн коомчулуктун көңүлүн бурду.
Бул марафон жапайы жаныбарлардын биологиялык түрлөрүн сактоо жана коргоо боюнча эл арасында аң-сезимди арттырууга өбөлгө түзүп, жаш муунду жаратылышты урматтап, анын байлыктарын сактоого үндөдү.