Blog Image

КМУнун студенттери “Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы” аталышында иш-чара уюштурду

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери  практика өтөп жаткан №84 Ж.Садыков атындагы жана №77 орто мектебинин окуучулары менен биргеликте “Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы” аталышында иш-чара уюштурган. Ага Жалпы тарых жана СЭУББ кафедрасынын окутуучулары, практика жетекчиси Н. Баястанов жана А.Токтоналиева катышты. Студенттер даярдаган иш-чара жогорку денгээлде өтүп, алардын мектептеги практика өтөөсү жогорку деңгээлде деп бааланды.