Blog Image

КМУнун студенттери «Шамалдын багыты» жана «Шамалдын түрлөрү» темасында ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун табигый илимий билим берүү багытынын 3-курсунун студенти Нурдай Айбекова Бишкек шаарындагы №50 орто мектебинин окуучуларына «Шамалдын багыты» деген темада ачык сабак өттү. Ошондой эле,профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинде Бегимай Курбанали кызы «Шамалдын түрлөрү» аталышында ачык сабак ѳттү. Сабакка кафедранын методистери, ага окутуучулары К.Сайпидинова, Н. Мамбетова, окутуучу Н. Бактыбек кызы жана мектеп мугалимдери Н. Жумагулова, Б. Абдыгазиева катышты. Ачык сабак кѳрсѳтмѳ куралдар, географиялык карта жана техникалык каражаттарды пайдалануу менен коштолду. Окутуучулар келечекте мыкты адис болот деген ишенимин билдиришти.