Blog Image

КМУнун студенттери Шымкент шаарында өткөн «Алтын өрнөк» жаш дизайнерлердин жана моделдердин эл аралык сынагына катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин студенттери М. Ауэзов  атындагы  Түштүк Казакстан университетинин 80 жылдыгына карата өткөн «Алтын өрнөк» жаш дизайнерлердин жана моделдердин эл аралык сынакка катышты. Иш-чаранын максаты элдик маданиятты сактоо жана жайылтуу жана  студенттердин чыгармачылык деңгээлин өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Жазайым Чыңгызова, Акбийке Тороева  жана Аэлита Байызбекова "Жаңыл Мырза" коллекциясы менен катышты. «Алтын өрнөк» эл аралык сынактын жыйынтыгында  Искусство жана дизайн факультетинин студенттери 2-орунга ээ болушту. Студенттерди окутуучулар Бактыгүл Муратбек кызы жана Айгүл Жолдошева  жетектеп барган.