Blog Image

КМУнун студенттери SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулган мастер-класска катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери  Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева өткөн мастер-класска катышты. Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулуп, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү. Журналист Айтурган  Сатиева журналистикада ийгиликтүү иштөө  үчүн эмнелерди билүү керек жана кандай жөндөмдөрдү өнүктүрүү зарыл экенидиги тууралуу кенен маалымат берди.

SputnikPro билим берүү долбоору Жогорку окуу жайларынын Журналистика бөлүмүнүн студенттерине, басма сөз кызматынын кызматкерлерине жана башка медиа адистерине арналып, кесиптештер менен тажрыйба алмашууга, медиа коммуникацияларды жана кесипкөй байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

SputnikPro билим берүү долбоору 24 өлкөдө өткөрүлгөн. Тагыраак айтканда, Армения, Индия, Греция, Кытай жана башка өлкөлөрдө өтүп, жалпысынан 2018-жылдын март айынан бери долбоорго 80 өлкөдөн 10 миңден ашык адам катышкан.