Blog Image

КМУнун студенттери "STUD EXPO 2024"эл аралык студенттик көргөзмөгө катышты

12-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери ОшМУнун 85-жылдык мааракесине карата өтүп жаткан эл аралык "STUD EXPO 2024" аталышындагы студенттик көргөзмөгө катышты. Студенттер көргөзмөнүн иллюстрация жана компьютердик дизайн сектору боюнча II орунду, веб-сайт жана мобилдик веб тиркемелер боюнча III орунду ээлеп, мыкты проект аталды.

Студенттерди институттун директору Улан Керимов, окутуучулар Кубан Мукудин уулу, Баян Токтомуш уулу жетектеп барган. Иш-чара ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда уюштурулган.