Blog Image

КМУнун студенттери “Студенттердин илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүндө жасалма интеллекттин ролу" аталышындагы университеттер аралык студенттик конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун “Эл аралык мамилелер” программасынын II курсунун студенттери А.Сабирдинова, Э.Айбекова, А.Кадырбекова, А.Бекназарова, А.Самудинова, Н.Канатбекова, К.Абдулажанова жана А.Акылбекова Борбордук Азиядагы Корея институту (КИЦA) тарабынан уюштурулган “Студенттердин илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүндө жасалма интеллекттин ролу" аталышындагы университеттер аралык студенттик конференцияга катышты.

Конференцияга Борбордук Азиядагы Корея институту, И.Арабаев атындагы КМУ, К.Дикамбаев атындагы КР ТИМ ДА, Эл аралык Кувейт университети, Эл аралык Ала-Тоо университети, Б.Ельцин атындагы КРСУ жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин студенттери катышты.

Илимий жыйында студенттер ЖИ колдонуунун кызыктуу аспектилерин талкуулап, окуу процессинде ЖИнин оң жана терс жактарын табууга аракет кылышты. Мисалы, ЖИ билим берүүнүн сапатын бир топ жакшыртат, окуу процессин студенттердин жеке муктаждыктарына ылайыкташтыра алат жана педагогдордун ишин оптималдаштырат. Бирок, бир коркунучтуу жагы да бар, ЖИ кеңири таралышы менен адамдар көйгөйлөрдү чечүүнү жана когнитивдик функцияларды компьютерге өткөрүшөт, анан когнитивдик жөндөмдүүлүктөрү алсырайт.