Blog Image

КМУнун студенттери  «Студенттик илимди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери» аталашындагы иш-чарага катышты

9-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын «Эл аралык мамилелер» адистигинин студенттери Кыргызстан Эл аралык университетинде жогорку окуу жайлар арасында өткөн «Студенттик илимди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери» аталышындагы илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өлкөдөгү пенсионерлердин абалы жана коомдук тармактар боюнча доклад жасашты.

Конференциянын жыйынтыгында 2-курстун студени Нурдан Кабылбеков, жана Амантур Маратбек уулу 1-орунду, Айгерим Мурзабекова жана Айдана Каныбекова 2-орунду жеңип алды.

Студенттердин илимий жетекчилери Алина Кытыкенова, Алия Абдыкеримова жана Динара Молдокулова.