Blog Image

КМУнун студенттери Свердлов райондук “Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" муниципалдык мекемесине барышты

19-февраль күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Социалдык иш” багытынын 4-курсунун студенттери Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Г.А. Есенкулованын жетекчилигинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук “Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" муниципалдык мекемесине барышты.

Мекеменин башчысы А.Т. Абдуллаев студенттерге башкармалыктын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу жөнүндө кеңири маалымат берип, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, даректүү социалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды чектөө бөлүмдөрү менен тааныштырды. Ошону менен бирге, бүтүрүүчүлөргө аталган мекемеге жумушка орношуу боюнча жолдомо беришти.