Blog Image

КМУнун студенттери Улуттук банктын Нумизматикалык музейинде болушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери Улуттук банктын Нумизматикалык музейине экскурсияга барышты. Экскурсия учурунда студенттер байыркы тыйындардын уникалдуу коллекциялары, 30 жылдан ашуун тарыхы бар кыргыз сому жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдырган баалуу экспонаттар менен таанышты.

Иш-чаранын соңунда Улуттук банктын кызматкерлери студенттерге эстелик үчүн белектерди тапшырып, университеттин китепканасына Улуттук банктын тарыхы жөнүндө китептерди белекке беришти. Экскурсия студенттердин билим деңгээлин тереңдетип, тарых жана маданият жаатындагы кызыгуусун арттырды.