Blog Image

КМУнун студенттери Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине практикага барышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Информатика профилинин 3-курсунун студенттери менен биргеликте Бишкектеги профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине профессионалдык-базалык практикага барышты. Анда аталган мектеп-лицейинин методисттери менен жолугушту. Иш-чара жогорку окуу жай менен мектептин ортосундагы байланышты чыңдоого жана студенттердин методикалык тажрыйба алмашуусун жакшыртууга багытталган.