КМУнун студенттери Улуттук тарых музейинде өткөн иш-чарага катышты
Бүгүн, 3-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары Т.К. Ниязбеков, А.Р. Досманова, З.А. Асангазиева жана студенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Манас” эпосунун күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты.
Иш-чаранын алкагында “Манас эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу” аталышында “Манас” экспозициясынын ачылышы болду. Бул экспозицияда эпостун тарыхый, маданий жана руханий мааниси чагылдырылган. Студенттер эпостун мазмуну жана улуттук мурас катары орду жөнүндө терең маалымат алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарыхый мурастарды сактоо жана аларды кийинки муундарга жеткирүү боюнча да ой-пикирлер менен бөлүшүп, “Манас” эпосу тууралуу илимий жана маданий баалуулуктарга болгон көз карашын тереңдетти.