КМУнун студенттери Улуттук тарых музейине экскурсияга барышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине экскурсияга барышты.
Экскурсиясынын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин бай тарыхына байланышкан экспонаттар, археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар менен таанышып, эксперттердин баяндоосу аркылуу маалымат алышты.
Экскурсиянын негизги максаты: студенттердин философиялык ой жүгүртүүсүн кеңейтүү, улуттук иденттүүлүккө жана маданий мураска болгон түшүнүгүн тереңдетүү.
Иш-чара студенттерге өз элинин маданиятына жана тарыхына терең сый-урмат менен мамиле кылууга, жарандык жоопкерчиликти сезүүгө жана философиялык баалуулуктарды түшүнүүгө өбөлгө түздү.