КМУнун студенттери университеттер аралык Республикалык педагогикалык олимпиадада 2-орунга ээ болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери университеттер аралык Республикалык педагогикалык олимпиадада 2-орунга ээ болушту.
Педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Т.М. Бектуров жана окутуучу Ж. Мусаеванын жетекчилиги алдында КМУнун Педагогика жана психология институтунун жана Искусство жана дизайн факультетинин таланттуу студенттери Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өткөн университеттер аралык Республикалык педагогикалык олимпиадада ийгиликтүү катышып, 2-орунду камсыздашты.
Олимпиаданын жүрүшүндө командалар бир нече этаптан турган тапшырмаларда күч сынашкан. Анда, катышуучулар өз командасын тааныштырып, педагогикалык багыттагы тесттик жана кырдаалдык суроолорго жооп берип, ошондой эле чыгармачылык компетенцияларын жана чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн талап кылган кызыктуу тапшырмаларды аткарышкан. Мындан тышкары, студенттердин музыкалык номерлери да жогорку деңгээлде аткарылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.
Бул жеңиш — студенттердин билимге болгон умтулуусунун, чыгармачылык компетенцияларынын жана педагогика кафедрасынын окутуучуларынын үзүрлүү эмгегинин жемиши.
Мыкты студенттерибизди жеңиши менен куттуктап, жаңы бийиктиктерди багынтуусуна тилектештигибизди билдиребиз!