КМУнун студенттери Венгриянын көркөм кол өнөрчүсү Шандорие Дулаинин чеберчилик сабагына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Айгүл Жолдошева жана студенттер Венгриянын көркөм кол өнөрчүсү, доктор Шандорие Дулаинин чеберчилик сабагына катышты.
Иш-чара Венгрия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде өтүп, кол өнөрчү өз элинин улуттук саймаларынын тарыхы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берип, чеберчилик сабагын көрсөттү.