Blog Image

КМУнун студенттери "XXI кылым: санариптештирилген дүйнөнүн этикасы" аталышындагы иш-чарага катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекттик университетинин Орус филологиясы факультетинин студенттери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн "XXI кылым: санариптештирилген дүйнөнүн этикасы" аталышындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө П. Лумумба атындагы Россия Элдердин достугу университетинин доценти Владимир Спиридонов “Бизнестеги интеграцияланган коммуникациялар","XXI кылым: санариптештирилген дүйнөнүн этикасы" аталышындагы лекцияларды окуду.

Иш-чаранын алкагында санариптик чөйрө, санариптик чөйрөнүн түшүнүгү, анын гуманисттик жана технологиялык аспектилери, санариптик байланыш этикасы, санариптик байланыштын укуктук маселелери, санарип доорундагы юридикалык аспектилер жана жасалма интеллект тууралуу маалымат берилди.

Лекциянын максаты: санариптик байланыш этикасы, санариптик чөйрөнүн укуктук аспектилери тууралуу маалымат берип, санариптик мейкиндиктеги маалымат агымдарын талдоо менен студенттердин санариптик коомдо болуп жаткан процесстерге этикалык баа берүү көндүмдөрүн калыптандыруу.