Blog Image

КМУнун студенттери Япониялык окуучулар менен онлайн жолугушту

22-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери Япониялык мектеп окуучулары менен онлайн жолугушту. Жолугушууда Япония тууралуу маалымат берилип, кеңири таанышуулар болду. Ага кошо эле эки тараптан тең атайын даярдалган презентациялар жасалды.