КМУнун студенттери Япониянын Саппоро шаарынын Окадама жогорку мектебинин студенттери менен онлайн жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 28-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери Япониянын Хоккайдо префектурасынын Саппоро шаарынын Окадама жогорку мектебинин студенттери менен онлайн жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө эки тарап өз өлкөсүнүн тарыхын, маданиятын жана өзгөчөлүктөрүн чагылдырган кызыктуу презентацияларды тартуулашты. Иш-чара студенттердин маданияттар аралык баарлашуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө жана эл аралык кызматташууну чыңдоого багытталган.
Иш-чара Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.