Blog Image

КМУнун студенттери “Ынтымак-2025” жумалыгынын алкагында өткөн семинарга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Н.К. Ажымамбетова, ага окутуучу А. Кытыкенова, окутуучу А. Жаныбекова жана студенттер “Ынтымак 2025” жумалыгынын алкагында өткөн “Жарандык коомду өнүктүрүүдө жана тынчтыкты курууда жаштардын ролу: Поляризацияга каршы туруу жана социалдык биримдикти бекемдөө үчүн жаштардын көз карашын санариптик платформаларды башкарууга интеграциялоо” аталышындагы семинарга катышты.

Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик тарабынан уюштурулуп, жаштардын жарандык коомду өнүктүрүүдөгү орду, тынчтыкты куруу жана санариптик мейкиндикте социалдык биримдикти бекемдөө маселелери талкууланды. Иш-чара студенттерге коомдук процесстерге жигердүү аралашууга шыктандырып, алардын тажрыйбасын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түздү.

Позвонить