КМУнун студенттери “Ынтымак Ордо” резиденциясына жана Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-кытай факультетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын студенттери "Ынтымак Ордо" резиденциясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты.
Экскурсия алкагында студенттер “Ынтымак Ордо” резиденциясына барып, ал жердеги ишмердүүлүк жана мамлекеттин саясий-административдик түзүмү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши менен таанышып, парламенттин түзүмү, иш тартиби жана кабыл алынган мыйзамдардын жаралуу процесси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Студенттер үчүн бул экскурсия билим берүү программасын практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп, алардын мамлекеттик башкаруу жаатындагы билимдерин тереңдетти.