Blog Image

КМУнун студенттери залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун үй-музейине экскурсияга  барып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Нургул Койлубаеванын жетекчилиги менен Ш.Кадырова атындагы Дүйнѳлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун, Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери менен биргеликте Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун үй-музейине экскурсияга барып келишти.

Студенттер жазуучунун ѳмүр баяны, балалык чагы, жашаган үйү, жазган чыгармалары, жетишкен ийгиликтери, мамлекеттик кызматкерлер жана замандаштары менен жолугушуулары боюнча кеңири маалымат алышты.