Blog Image

КМУнун студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Дене тарбия факультетинин 1-4- курстарынын  студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барып келишти. Анда Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө  кеңири маалымат берилди. Соңунда студенттерди депутат Тазабек Икрамов кабыл алып, өзүнүн жана өлкөдөгү спорт жаатында жетишкендиктер боюнча сөз болду.