Blog Image

КМУнун студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эрнис Айдаралиев жана Динара Ашимова кабыл алып, студенттер менен пикир алышты.

Экскурсиянын алкагында Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.