КМУнун студенттери Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Жогорку Кеңештин имаратында уюштурулуп, студенттер үчүн кызыктуу экскурсия болду.
Экскурсиянын алкагында студенттер жыйындар залын, депутаттардын иш күнүн жана Жогорку Кеңештин музейин көрүп чыгышты. Ошондой эле, депутат Дастан Бекешев студенттерге жаштардын келечеги үчүн маанилүү жана билим алуу үчүн зарыл болгон кеңештерин берип, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Студенттерди Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары А.Р. Жолдошева жана окутуучу А.Р. Толтоев жетектеп барган.