КМУнун студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөн экологиялык олимпиадага катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөн экологиялык олимпиадага катышты. Иш-чаранын негизги максаты: экология жана айлана-чөйрө жаатында студенттердин кесиптик багыттарын өнүктүрүү, экологиялык маданиятты жана экологиялык жактан таза жүрүм-турумду жайылтуу.
Олимпиаданын жыйынтыгында Табигый илимдер жана туризм институтунан 9 студенттин ичинен 6 студент I орунга, ал эми 3 студент II орунга ээ болушту. Бул жетишкендик алардын билиминин жана эмгегинин мыкты көрсөткүчү экендигин далилдеди.
Иш-чара Кыргызстандын Орхус Борборунун, жогорку окуу жайларынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган.