Blog Image

КМУнун студенттери жогорку окуу жайлар арасындагы IV Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты

КМУнун 21-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун 2-курсунун БХ-11-22 тайпасынын студенттери М.Рыскулбеков атындагы КЭУда өткөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ЖОЖ арасындагы IV Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун студенттери II жана III дарадажадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Тагыраак айтканда, Айгерим Турдалиева 2-орунду, Бактыгул Мухтарбек кызы 3-орунду, Айгерим Эмилова 3-орунду ээлешти.