Blog Image

КМУнун студенттерине “Белек” кино тасмасы көрсөтүлдү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Белек" кино тасмасы көрсөтүлдү. Бул кино тасма кыргыз элинин ажайып кооз жаратылышын даңазалоо менен коомдогу аялдардын ордун, гендердик теңсиздикти жана жаштарга нравалык тарбия берүү маселелерин камтыйт.

Кинодогу башкы каарман, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова, кыргыз аялзатынын чыдамкайлуулугун, акылдуулугун жана чечкиндүүлүгүн көрсөтө алган.

Иш-чаранын соңунда студенттер режиссер жана башкы каарманга кызыккан суроолорун берип, тасманын мазмуну боюнча талкуу уюштурушту. Бул иш-чара студенттерге кыргыз киносу тууралуу кеңири түшүнүк берип, өлкөбүздүн маданий мурастарын өнүктүрүүдө зор мааниге ээ болду.