КМУнун студенттерине депутат Нуржигит Кадырбеков тренинг өттү
Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттерине Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков “Заман, жаштар, каада-салт” деген темаларда тренинг өттү.
Тренинге Журналистика бөлүмүнүн жалпы окутуучулар курамы жана Журналистика багытында окуган бардык студенттер катышты.