Blog Image

КМУнун студенттерине дизайнер Замира Молдошева семинар-тренинг өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жаштарга эстетикалык-этномаданий тарбия берүү багытында дизайнер Замира Молдошева студенттерге семинар-тренинг өттү. Иш-чара студенттерди жалпы адамзаттык жана улуттук маданияттын баалуулуктарын өздөштүрүүгө тарбиялоо, эстетикалык баалуулуктарды жана табитти калыптандыруу, руханий маданияттын баалуулуктарын түзүүгө жана жогорулатууга умтулуу, коомдун маданий жашоосуна катышуу максатын көздөйт.