КМУнун студенттерине Хангыль стипендиясы тапшырылды
Бүгүн, 12-февраль кунү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Хангыль стипендиясын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Жылдыз Мадраимова, Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон, бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери катышты.
Хангыль стипендиясы төмөнкү студенттерге тапшырылды:
Котормо жана котормо таануу багытынын 1-2-курсунун студенттери Нурдиана Абдыракманова, Дилназ Мамашова, Элназар Тураров, Сумайя Абудурешити, Жасмина Атабаева, Аяна Бейшенбекова, Айкол Ибраева, Анина Ишенбекова жана Аземи Кидикова.
Филология багытынын 1-2-курсунун студенттери Анина Сабырбекова, Жылдыз Каипова, Медина Толомушова.
Эл аралык мамилелер багытынын студенттери Айнагүл Чоюбекова, Айгерим Самудинова, Гулнур Ташбекова.
Белгилей кетсек, 2023-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн түзүлүшү менен Хангыль стипендиялык фонду түзүлгөн. Бул фонддун максаты: ЖРТнын жогорку жыйынтыгы бар студенттерди тартуу, окуудагы жакшы көрсөткүчтөрү бар студенттерге стимул берүү жана колдоо.