Blog Image

КМУнун студенттерине Кыргызстан эл аралык университетинин проректору Баатырбек Акылбеков конок-лекция өттү

14-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн «Түркия Республикасынын университеттеринде билим берүү, академиялык мобилдүүлүк» атуу темада Кыргызстан эл аралык университетинде Түркия Республикасынын дистанттык билим берүү боюнча проректору Баатырбек Акылбековдун конок-лекциясы болуп өттү. Лекциянын жүрүшүндө, ал түрк тилинин изилдөөсү жана мааниси, окуу процессинин уюштурулушу жана өлкөдөгү эң мыкты университеттердин рейтинги боюнча кыскача маалымат берди. Андан сырткары, түрк тилин үйрөтүү борбору менен КМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында, Экономика жана менеджмент институтунда түрк тилин үйрөнүү борбору ачылып жатканын айтып, тилди окутуунун жүрүшү жана борбордун мындан аркы өнүгүүсү менен тааныштырды.