Blog Image

КМУнун студенттерине майор Б. Джексембиев “Өрт өчүрүү коопсуздугу” боюнча лекция өттү

10-майда И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Алина Кытыкенова институттун 1-курсунун студенттерине уюштурган куратордук саатында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы майор Бекжан Джексембиев “Өрт өчүрүү коопсуздугу” боюнча айтып берди.