Blog Image

КМУнун студенттерине Миң Кыял ФМ радиосунун диджейлери конок-лекция өттү

Бүгүн, 8-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмүнүн студенттерине Миң Кыял ФМ радиосунун диджейлери Өзгөрүш Абакиров, Элдана Элебаева, Эрлан Сыргак уулу конок-лекция өттү. Лекция учурунда студенттер радио чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы жана кесиптик өнүгүү жолдору тууралуу маалыматтарды угуп, пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.