КМУнун студенттерине профессор Азисбек Бексултанов лекция өттү
Бүгүн, 22-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент институтунун студенттерине М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун "Колдонмо экономика жана башкаруу" кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Азисбек Бексултанов лекция өттү.
Иш-чара Илим күнүнө карата КМУнун экономика жана менеджмент институту менен КЭУнун ортосундагы кызматташтыктын негизинде уюштурулуп, ага 2-курстун студенттери катышты.
Профессор Азисбек Бексултанов илимий изилдөөнүн негиздери, изилдөөлөрдү пландоо, этикалык талаптар жана коом алдындагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берди.
Иш-чара студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырууга шарт түздү.