Blog Image

КМУнун студенттерине РИАнын Дүйнөлүк тарых институтунун башкы илимий кызматкери, профессор А. Улунян онлайн конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери үчүн эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк тарых институтунун башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор Улунян Арутюн “Эл аралык аралык мамилелер: тарыхы жана практикасы” аталышында онлайн конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Улунян Арутюн эл аралык мамилелердин тарыхый өнүгүүсү, теориялык негиздери жана заманбап практикасы тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова Россия илимдер академиясынын Жалпы тарых институтунун федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, окутуучулар арасында эл аралык академиялык мобилдүүлүктү онлайн жана офлайн форматта өткөрүүнү улантуу боюнча макулдашты.