КМУнун студенттерине Япония өкмөтү тарабынан жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери үчүн Nippon travel агентствосу акысыз япон тили боюнча 4 жана 6 айлык окуу курстарын баштайт. Курстар 3-ноябрдан баштап өткөрүлөт. Ал үчүн атайын Япония Өкмөтү тарабынан 2 млн.йена бөлдү.
Бүгүн студенттердин деңгээлин аныктоо боюнча таанышуу семинары болуп өттү. Бардыгы болуп үч багыт болот: 0дөн баштап, баштапкы жана улантуучулар.
Семинарда ошондой эле компаниянын өкүлдөрү япон тилин окутууда эмнеге басым жасоону түшүнүү үчүн буга чейин Японияда стажировкадан өткөн студенттер менен маек курушту.
Ошондой эле компаниянын атынан япон тилинин деңгээлин өнүктүрүүгө жана көтөрүүгө жана окуу-методикалык адабияттарды сатып алууга каражат бөлүнгөн.
Курстар күн сайын графиктен тышкары өткөрүлөт жана 4-6 айга чейин созулат
Курстарга тилди билүү деңгээлине жараша 1-4 курстарга бардык каалоочулар жазылган.






