КМУнун студентти Г. Салиева “КМШнын мыкты студенти” аталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенти Гүлнур Салиева “КМШнын мыкты студенти” эл аралык сынагында I орунду жеңип алды. Гүлнур Салиева КМШ өлкөлөрүндөгү жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом менен сыйланды. Ал аталган сынакка катышып, өзүнүн коомдук ишмердүүлүгү, жаштар арасындагы активдүүлүгү жана коомдук маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерин көрсөттү.
Бул иш-чара Казакстан Республикасынын “Жаңы Казакстан”республикалык инновациялык борбору жана “BILIM-ORKENIETI” улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган. Сыйлык тапшыруу аземи Казакстан Республикасынын Астана шаарында өттү.