Blog Image

КМУнун студенттик «Дзержинкадагы театрына» бир жыл толду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинде ачылган студенттик “Дзержинкадагы театрга” бир жыл толду. Театрдын туулган күнүнө карата университетте иш-чара өтүп, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи гонорар» аталышындагы аңгемесинин негизинде спектакль көрсөтүлдү. Театр бир жыл аралыгында көркөм чыгармаларды сахналаштырып көрүүчүлөргө тартуулап, ийгиликтерге жетишти.

Буга чейин аталган театр Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде өткөн Жеңиш күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Василь Быковдун «Таң шоокуму тынч» чыгармасынын негизинде спектакль коюп, байгелүү орун ээлеген.

Студенттик “Дзержинкадагы театр” — бул чыгармачыл жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк гана эмес, университеттин маданий жана адабий жашоосун өнүктүрүүгө багытталган маанилүү демилге болуп саналат.