КМУнун студенттик жатаканасында “Акыл майдан” интеллектуалдык таймашы өттү
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Акыл майдан” интеллектуалдык таймашы өттү.
Иш-чаранын ачылышында КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы сөз сүйлөп, мындай таймаштар студенттердин интеллектуалдык жана нравалык өнүгүүсүнө зор таасир тийгизе турганын белгиледи.
Иш-чара жаштар саясаты боюнча иш пландын негизинде өткөрүлүп, студенттердин интеллектуалдык өнүгүүсүн жана улуттук маданиятты таануу процессин активдештирүүгө багытталган.
Таймашта мыкты деп табылган командаларга университет тарабынан сыйлыктар тапшырылды.