Blog Image

КМУнун Студенттик жатаканасында маданий кече уюштурулду

10-октябрь күну И.Арабаев атындагы КМУнун Студенттик жатаканасында жаштар саясаты боюнча жылдык иш пландын негизинде маданий кече уюштурулду. Иш-чара жаштардын чыгармачылык, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана аны ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүү, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатын көздөйт. Кече таланттуу студенттердин ыр-бийлери, тамаша-күлкүлөрү менен коштолуп, жагымдуу атмосферада өттү.